Жемсөө – бир катар омурткасыз жаныбарлардын (моллюскалар, курттар, курт-кумурскалар) жана канаттуулардын кызыл өңгөчүнүн кеңейген бөлүгү. Азыкты чогултуу, сактоо, ал эми кээде азыкты алдын ала химиялык иштетүү кызматын аткарат. Аарынын жемсөөсүндө нектар кайтадан иштетилип, балга айланат. Куштарда жемсөөнүн мезгил-мезгили менен жыйрылышы карынга азыкты жылдырат, сиңбей калган калдыгын сыртка кулгуп чыгарып, балапандарын азыктандырат. Көгүчкөн жумуртка баскандан 8-күндөн баштап жемсөөнүн эпителий клеткалары майга ажырап, бөлүнөт да, жемсөөдөн бөлүнгөн зат (агыш суюктук) менен балапанын багат. Чөлдө жашаган кара боор балапандарына жемсөөсү менен суу ташып барат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1