Жене́ва (французча Genève, немисче Genf, латинче Genava) — Швейцариянын батышында жайгашкан шаар. Женева кантонунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Женева көлүнүн түштүк-батыш жээгиндеги адырлуу (бийикт. 372 м) кооз жерде жайгашкан. Калкы 179,2 миң (2007, 40%ке жакыны чет өлкөлүктөр; агломерациясында 750 миңдей); калкынын саны боюнча Цюрихтен кийинки 2-шаар. Ири жолдор тоому. Маанилүү темир жол түйүнү. Эл аралык автовокзалы жана аэропорту бар. Алгач Юлий Цезарь тарабынан Генева деген ат менен эскерилет. Б. з-дын 400-жылында епископтук ыйгарылган. 14-15-кылымда ярмаркалары менен даңкталган, кийинчерээк кредит-банк, 16-кылымда (Ж. Кальвиндин убагында) европ. реформациянын борборуна айланган. 19-к-дын 2-жарымы 20-к-дын башынан Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген революция эмигранттарынын ири борбору болгон. 1866-жылы 1-Интернационалдын 1-конгресси өткөн. 1907-жылы Ж-да чиркөө мамлекеттен ажыратылган. Ж. Швейцария менен Европанын ири банк-финансы борбору. Машина куруу, так механика (геодезия аспаптары, так эсептөөчү приборлор, мед. аппараттар жана башка), саат (кээ бир фирмалары кымбат баалуу сааттарды жана зер буюмдарды чыгарат), хим., тигүү, текстиль, полигр., тамак-аш (негизинен шоколад, тамеки) өнөр жайишканалары иштейт. Татымалдарды чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ж. Европадагы парфюмерия ө. ж-нын маанилүү борбору. Ун-ттер, ин-ттар, ил. из. ин-ттары, калк китепканасы (2 млнго жакын китеп, а. и. 6,5 миң кол жазма сакталууда), асем иск-во, дизайн жана саат жасоочу чеберлердин жогорку мектептери, консерватория, музейлер (иск-во жана тарых, этногр., сүрөтчү Ж. Ж. Руссонун жана башка), Гран-театр, «Виктория-холл» ири концерт залы бар. Көптөгөн эл аралык уюмдар (негизинен Улуттар лигасынын, Кызыл Крест, БУУнун бөлүмдөрү, Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык көптөгөн уюмдар) орун алган жай. Эл аралык конф-ялар, жыйындар, мамлекет башчыларынын жолугушуулары өткөрүлөт. Готика стилиндеги собор (12-14-к.) жана ратуша, Сент-Мари Мадлен (14-15-к.) жана Сен-Жерве (15-к.) чиркөөлөрү, ратуша (15-к.), ренессанс жана классицизм стилиндеги курулуштар (17-19-к.) сакталган. Асма көпүрөсү бар. Музыкант-аткаруучуларын эл аралык конкурстары (1939-жылдан), жыл сайын Ж. эл аралык автосалону, ойлоп табуулардын эл аралык көргөзмөсү, антиквариат жана уникалдуу сааттардын аукциондору жана башка өткөрүлүп турат. Ботан. бак (5 млндон ашык өсүмдүктөр өстүрүлөт; тропика оранжереясы, көлмөлөр) уюштурулган. Шаардын аймагынын 20%тен ашыгын парк (а. и. Рона д-нын ортосундагы), гүлбактар жана бактар ээлейт. Шаардын четинде жүзүм айдалып, шарап жасалат. Туризм өнүккөн.

Женева панорамасы.