Жерге-тал суусуНарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 59 км, алабынын аянты 372 км2. Байдулу тоосунун түштүк капталынан башталып, кууш, карагайлуу терең капчыгай менен агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз жана башка Жылдык орточо чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрдын башында тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге-Тал кыш. жайгашкан.

Жерге-тал суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 59 км
бассейндин аянты 372 км²
Суу агымы
Аягы Нарын дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Нарын району

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1