Жергиликтүү убакытЖер шарынын белгилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган убакыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орточо күн убакыты болуп айырмаланат. Жергиликтүү убакыт ошол жердин географиялык узундугуна байланыштуу жана меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин жергиликтүү убакытынын айырмасы ошол жердеги меридиандардын айырмасы менен өлчөнөт. Жергиликтүү убакыт ошол жердеги астрологиялык байкоолордун негизинде (Күн сааттары аркылуу) аныкталат. Жергиликтүү убакыт мурда тиричиликте кеңири колдонулса, 19-кылымдан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы менен алмаштырыла баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1