Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары‎»‎ барагынан багытталды)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын чечимдерин даярдоо жана аткаруу, белгилүү бир аймакта аткаруу бийлигин жүргүзүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Ж. ө. б. а.-т. о. айыл өкмөтү, шаар башкармалыгы жана мэриялар болуп эсептелет.

Кыргызстанда түзөтүү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү кеңештер жана мыйзамда белгиленген тартипте калктын өзү тарабынан түзүлгөн башка органдар аркылуу жүргүзүлөт, алар мыйзамдын чегинде өз жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги иштерди башкарышат. Жергиликтүү кеңештер өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелип, ошол аймакта жашап жаткан граждандар тарабынан шайланат. Жергиликтүү кеңештер облустарда, райондордо, шаарларда, айылдарда жана кыштактарда түзүлөт. Жергиликтүү кеңештер өзүлөрүнүн сессиясында төрагасын шайлашат, алардын отчетун угушат, губернатордун, акимдин дайындалышына макулдук беришет, аймактын социалдык, экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитет, анын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт, жергиликтүү бюджетти, анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитет жана бюджеттен сырткары фонддордун сарпталышын карайт.Жергиликтүү кеңештин депутаттары жалпы санынын үчтөн эки добушу менен тийиштүү аймактын губернаторуна же акимине ишенбөөчүлүк билдирүүгө укуктуу. Мындай болгон учурда аларды дайындаган орган кызматтан четтетүүгө тийиш. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн ошол аймакта жашаган граждандар ыктыярдуу түрдө биригип, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүгө мыйзам жол берген. Мындай органдарга микрорайондордун кеңештери же комитеттери, үй, көчө, квартал, поселок, айыл комитеттери жана башка ошол жерде жашоочулардын жергиликтүү шарттарына, салттарына ылайыкталып түзүлгөн органдар кирет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзам тарабынан бир кыйла чоң укуктар берилген. Бул болсо биздин өлкөбүздө демократиянын өнүгүп жаткандыгынын күбөсү болот. Мурдагы социалисттик режимдин убактысында бардык маселелер мамлекеттик гана органдар тарабынан чечилүүчү. Жада калса кичине көчөгө асфальт төктүрүш үчүн же үйгө суу түтүгүн орнотуу үчүн дагы мамлекеттик органдарга кайрылууга туура келген. Азыр болсо мыйзамга ылайык ар бир айыл же квартал өзүлөрүнүн комитетин шайлап алып, аны жергиликтүү кеңештен каттоодон өткөрүп, андан каражат алууга акылуу жана ошого жараша өзүлөрүнө керектүү иштерди жасоого болот.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол аймактын жашоочуларынын кызыкчылыгын мамлекеттик органдардын алдында коргошот, жергиликтүү кеңештерде ошол аймакка тиешелүү маселелер каралып жатса, ага катышууга, пикирлерин айтууга укуктуу, социалдык чөйрөдөгү объектилердин курулушун, жайгаштырылышын, ремонттолушун кабыл алууга, катышышат, жергиликтүү кеңештин жана мамлекеттик акимчиликтердин чечимин аткарууга көмөктөшүшөт, граждандардын жыйындарынын чечиминин аткарылышын уюштурушат.Өздөрүнүн мыйзам тарабынан берилген укуктарын ишке ашыруу үчүн алар чарба жүргүзүүго укуктуу, түшкөн кирешеге ар кандай клубдарды, оюн-зоок өткөрчү жайларды, ышкыбоздордун бирикмелерин ача алышат. Башкача айтканда, калктын жашоосун ондоо үчүн ар кандай жумуштарды аткарууга аларга мүмкүнчүлүк берилген.

Булактар түзөтүү

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 45 бб.
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7