Жердин экологиялык маселелери

Жердин экологиялык маселелери – бул бардык Жер жүзүнө таандык маанилүү маселелер жана көрүнүштөр.

Адамзаттын тарыхы жаратылыш тарыхы менен бекем байланыштуу. Бүгүнкү күндө адам менен жаратылыштын өз ара алакасы экологиялык глобалдуу маселелерге айланды. Адам баласы жаралгандан баштап эле табият менен тыгыз байланышта жашаган. Өзүнө керектүү тамак-ашты алган, жаратылыштын даяр нерселеринен үй салган, токойлорго, жарга, сууга аяр мамиле жасаган. Адамдардын санынын көбөйүшү жана өндүрүштөрдүн өсүшү курчап турган чөйрөгө көп түйшүктөрдү жаратты. Адамдардын көбү шаарларда жашайт. Аларга электр жарыгы, автомобилдер, жакшы жолдор, бийик үйлөр керектелет. Адамдар жашайт, иштейт. Натыйжада бүткүл планетага чоң маселе жараткан таштандылар көбөйөт. Жер жүзүндөгү адамдар өздөрү жашаган аймакты тазалап алышат. Токойлорду кыят же өрттөйт. Ал эми токой – бардык жандуулар үчүн такай кычкылтек чыгарып турган фабрика сымал.

Өздөрү жашаган аймакты кыйратып жибергендиктен ал жердеги жаныбарлар жок болуп кетет. Автомобилдердин түтүндөрү, заводдордон жана электростанциялардан чыккан уулуу газдар, калдыктар абаны булгайт. Бул уулуу заттар жамгыр менен кошо жерге сињет. Кислоталуу жамгыр өсүмдүктөргө зыянын тийгизип, көлмөлөрдөгү жаныбарларды ууландырат. Өндүрүш ишканаларынын иштеши менен көмүр кычкыл газы көп санда чогулат. Бул газ планетаны айланта курчап алат. Ал катмар күндү нурларын өткөрөт, бирок космоско жылуулукту чыгарбайт (парниктер сыяктуу) Бул болсо планетадагы температуранын жогорулашына алып келет. Мындай кубулуш парниктүү эффект деген аталышка ээ. Температуранын жогорулашы менен муздар эрий баштап, Дүйнөлүк мухиттин деңгээли көтөрүлүп, Жердин климаты өзгөрүүгө дуушар болду.

Эгерде адамдар жаратылышты сактоону колго албаса, анда алар өздөрүн кырып алуу коркунучун алып келет. Ар бир адам өзүн экологиялык маданиятка үйрөтүп, курчаган жаратылыш чөйрөсү үчүн жоопкер экенин унутпоого тийиш.

Балыктарга таза суу керек, демек, өзүбүздүн көлмөлөрдү кай- тарабыз. Токойлордо, талааларда, тоолордо ар түрдүүбаалуу жаныбарлар жашайт, демек, өзүбүздүн токойлорду, талааларды, тоолорду кайтарабыз. Балыкка – суу, канаттууга – аба, жаныбарга – токой, талаа, тоолор. Адамга мекени керек. Табиятты коргоо – мекенин коргоо. М. Пришвин

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мекен таануу. 4 кл.: Жалпы билим берүүчү мектеп үчүн окуу китеби ISBN 978–9967–31–360–6