Жер-жемиш өсүмдүктөрү – мөмөсү желе турган көп жылдык бадал, чала бадал жана чөп өсүмдүктөр. Алардын негизги сөңгөгү болбойт. Бийиктиги 0,8–6 м, 10–20 жыл өсөт. Жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн жапайы жана эгилме түрлөрү бар. Анын ичинде кожогат, карагат, дан куурай, барсылдак жана башка кеңири таралган. Булар эрте бышкандыгы менен айырмаланат. Жыл сайын көп түшүм берет. Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндө жапайы дан куурай, кулпунай, карагат, чычырканак, бөрү карагат, ит мурун, Чүй өрөөнү менен Ош облусунда кызыл карагат, кожогат, дан куурай жана башка көп өсөт. Жер-жемиш өсүмдүктөрү эрте жазда же күзүндө отургузулат. 1 га жерге 80 миң түп кожогат, 3—6 миң түп карагат же барсылдак отургузууга болот. Жер-жемиш өсүмдүктөрү калемче, чырпык, өркүндөрүнөн көбөйтүлөт. Ар га жерден 4—5 т карагат, 6—10 т кожогат, 10 кгга чейин дан куурай алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1