Жер буурчак (лат. Vicia, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Бир, эки жана көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык жана күздүк жер буурчак кеңири таралган. Жер буурчак – белоктуу, жакшы сиңимдүү тоют. Жаздык жер буурчак (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Европа бөлүгүндө, Сибирь жана Кавказда эгилет. Сабагы ичке, бутактуу, түз өсөт, бийиктиги 40–110 см. Гүлү өзү менен өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 уруктуу, ромб формасындагы чанак (узундугу 5–7 см). Эгилме жер буурчактын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 цге чейин дан, 200–250 ц (аба ырайы жакшы жылы 400 цден ашык) жашыл масса алынат. Борбордук Азияда отоо чөп катары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы жер буурчак шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы жана башка жерлерде өсөт, баалуу тоют.

Vicia orobus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1