Жер кыртышынын механикасы

Жер кыртышынын механикасы - жер кыртышынын деформациялангандагы чыңалуусун изилдөөчү илим.

Жер кыртышынын механикасы кыртыштардын механикалык касиеттеринин ал кыртыштын түзүлүшүнө, составына, физикалык абалына байланышын, жалпы эле кысылууну жана жердин структуралык-фазалык өзгөрүүлөрүн жана жылышууга көрсөткөн каршылыктарын изилдейт.

Изилдөөлөр теория жана эксперимент түрүндө жүргүзүлөт. Жер кыртышы менен да инженердик геологиянын, гидрогеологиянын, серпилгич жана ийилчээк нерселердин теориясы менен мыйзамдары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.