Жер көчкү – оордук күчүнүн жана суунун таасиринен борпоң тоо тек массаларынын каптал ылдый жылмышуусу. Тоо капталдарында тең салмактуулуктун бузулуусу, ойду карай жантайыңкы жаткан капталдар, борпоң тектердин сууга каныгышы, ал тектердин астында суу өткөрбөй турган кабаттын болушу, жер астындагы суунун топтолушу, жер титирөө жер көчкүнүн жүрүшүнө шарт түзөт. Жер көчкүгө дуушарланган тоо тек массасынын көлөмү ондогон м3ден 1 млрд м3ге чейин жетет. Жер көчкү чарбалык иштерге чоң зыян келтирет. 1911-жылкы жер көчкүдөн Памирде Сарез көлү пайда болгон. Кыргызстанда жер көчкү Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында бор, палеоген-неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринин мергель, чопо жана лёсс сымал тоо тектеринен түзүлгөн жерлерде көбүрөөк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1