Жер төлө — тереңдетип казылып салынган жер там. Анын тереңдиги киши бою, төрт бурчтуу же тегерек формада казылып, кырына эки катар чым тизилген, ага туура жоон жыгач устун коюлуп, эки тарабына туурасынан шырык салынган; үстүнө чырпык, куурай ташталып, андан соң топурак менен бастырылган. Жарык кириш үчүн, коломтодон жагылган оттун түтүнү чыгып кетүүсү үчүн жер төлөнүн үстүңкү жагынан тешик калтырышкан. Оозун боз үйдүн эшиги менен жаап, ал болбосо жөн эле эски кийиздер менен далдалап коюшкан. Жер төлөөдө кишилер кыштын чилде убагында гана жашашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү