Жети-Өгүз суусуЖети-Өгүз районундагы суу, Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталынан (батышында Чоң Кызыл-Суу жана чыгышында Ырдык менен Каракол сууларынын аралыгында) башталып, карагайлуу кууш капчыгай, Жети-Өгүз кыш. тушта кенен өрөөн менен агып, Ысык-Көлгө куят (дээрлик кар-мөңгү сууларынан куралат). Узундугу 52 км, алабынын аянты 387 км2. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 5,60 м3/сек, эң көбү 57,2 м3/сек, эң азы 0,55 м3/сек. Жалпы узундугу 110 кмге жеткен 36 куймасы жана алабында жалпы аянты 126 км2 келген 18 майда көл бар. Сугатка пайдаланылат. Алабындагы радондуу суу булактары элге кеңири белгилүү. Боюнда Жети-Өгүз кыш. жана курорту бар.

Жети-Өгүз суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 52 км
бассейндин аянты 387 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Жети-Өгүз району

Колдонулган адабияттар түзөтүү