Жетан Кельменди

Жетон КЕЛМЕНДИ‎»‎ барагынан багытталды)

Жетан Кельменди - академик, профессор, философия илимдеринин доктору Акын, драматург, публицист, котормочу, университеттинпрофессору жана академиги.[1]

Жетан Кельменди Косовонун Печ (1978) шаарында туулган. Ошол жерде орто мектепте окуган. Кийин окуусунПриштина университетинде улантып, массалыккоммуникациялар санаты боюнча бакалавр даражасына ээболгон. Андан соң Бельгиянын Брюссель шаарындагыЭркин университетинин аспирантурасын аяктап, эл аралыкизилдөөлөр жана коопсуздук багытындагы изилдөөлөр адистигине ээ болгон.[2] Кийин дипломатия тармагы боюнчаэкинчи магистрдик даражасына ээ болгон. Келменди«ЕБнин саясий коопсуздугу маселелерине ММКнынтаасири» темасында диссертациясын жактаган. АлКосоводогу AAB University College жогорку окуу жайынынпрофессору. Зальцбургдагы, Австрия, Европа илим жанасанат Академиясынын активдүү мүчөсү. Көп жылдарданбери ыр, аңгеме жана очерктер жазып келет. Ал Албаниядагы, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү көптөгөн гезитердин туруктуу автору. Анын макалалары маданиятжана саясат темаларына, айрыкча эл аралык мамилелергеарналган.

Жетан Кельменди Косоводо 1999 жылы жарык көргөн «Убадалар доору» аталыштагы алгачкы китебинен соң кеңири таанылган. Кийинчереек бир топ китептерижарыяланган. Анын ырлары отузга жакын тилдергекоторулуп, көптөгөн эл аралык адабий жыйнактарда жарыккөргөн.

Ал эң көп которулган жана Европага жакшы таанымалболгон албан акыны. Бир топ адабий сынчылардынпикирине караганда, Келменди азыркы замандын албанадабиятынын чыныгы өкүлү болуп эсептелинет. Эл аралыксынчы жана акындар өздөрүнүн көптөгөн макалаларындааны улуу Европа акыны деп жазышат. Ал көптөгөн эларалык поэтикалык клубтардын мүчөсү, айрыкча англис, француз жана румын тилдеринде чыгарылуучу бир топ адабий жана маданий журналдардын катышуучусу.

Анын адабият тармагындагы чыгармаларынынакылмандыгы поэтикалык туюнтууга, тексттинзаманбаптыгына жана маалыматтын тереңдигине каратылган. Анын жанрын негизинен метафоралар жанаадабий символикалар менен байланыштырылган махабатлирикасы жана эллиптикалык ырлар түзөт.

Азыркы мезгилде ал Бельгиянын Брюссель жана КосовонунПриштина шаарларында

Жарыяланган эмгектери түзөтүү

  • 1. "Убадалар доору", 1999, ырлар.[3]
  • 2. “ Жымжырттыктын арткы жагы”, 2002, ырлар.
  • 3. "Эгер чак түштө", 2004, ырлар.
  • 4. "Мени кечир, Ата-Мекен”, 2005, ырлар.
  • 5. "Жарыш кайда болот", 2007, ырлар.
  • 6. "Сен шамалдын издери менен келдиң", 2008, ырлар.
  • 7. "Убакыт, качан бул убакыт", 2009, ырлар.[4]
  • 8. "Адашкан ойлор", 2010, ырлар.[5]
  • 9. "Рухтун чокүнтүрүүчүсү", 2012, ырлар.
  • 10. "Мен унутулган нерселерди чакырам", 2013, ырлар.

Жарыяланган пьесалар: түзөтүү

  • 1."Сөз Айым ", 2007, драма.[6]
  • 2."Оюн жана оюнга каршы",2011, драма.

Саясат таануу түзөтүү

  • I. Эгемендик алгандан кийин Европа БиримдигининКосоводогу миссиясы, АКШ, 2010.
  • II. Баштапкы билим алуу үчүн оор күндөр, Косово, 2011.
  • III. НАТО-ЕБнун миссиялары жана кызматташуусу, Албания, Тирана, 2012.
  • IV. Европа Биримдигиндеги коопсуздук саясатынаЖМКнын таасири, Бельгия, Брюссель, 2016.

Чет тилтерде жарыяланган чыгармалары: түзөтүү

  • 1. "Тамгалар канчалык сейрек болуп калды", румын тилинде жарыяланган.
  • 2. "Дем", Индияда басылып чыккан.
  • 3. "Сөз Айым ", драма, француз тилинде жарык көргөн
  • 4. “ Жымжырттык качан башталат”, ырлар, француз тилинде, Париж, Франция.[7] poetry; Paris, France[8][9]
  • 5."Жарнамалар кайда баратат", грек тилинде, Греция.
  • 6. "Сен эмнени каалайсың?», ырлар, немис тилинде, Германия.
  • 7. "Сөз Айым ", драма, Германия
  • 8. «Жымжырттыктан качкан сөз», португал тилинде, Бразилия, 2009.[10]
  • 9. «Мен каалагандай”, ырлар, түрк тилинде, Туркия.
  • 10. «Убакыттын кызыгында», ырлар, украин тилинде, Украина.[11]
  • 11. «Өзүңө кантип жетүүгө болот», ырлар, англис тилинде, АКШ.
  • 12. «Убакыттын туу чокусунда”, орус тилинде, Россия.
  • 13. 34首封面 (34 ыр), кытай тилинде,Кытай.
  • 14 «Эллиптикалык чекиттер», араб тилинде, Мисир.[12]
  • 15. «Рухтун ойлору», испан тилинде, Испания, 2014.
  • 16. «Кантип сүйүү керек?», курд тилинде, Түркия, 2015.
  • 17. «Кантипсүйүүкерек?», ырлар, Аргентина, 2015.
  • 18. «Кантип сүйүү керек?», ырлар, Каталония, 2015.
  • 19. «Аралыкты кыскартуу”, ырлар, Румыния, 2016.
  • 20. «Сөз жаралары”, ырлар, молдован тилинде, Молдавия 2018
  • 21. 思想狩獵愛, «Ойлор сүйүүгө уу кылат», кытай тилинде, Тайвань, 2018.[13]
  • 22. «Тандалган ырлар», поляк тилинде, Польша 2018.
  • 23. «Кантип билсе болот?», түрк тилинде, Түркия, 2018.
  • 24. «Жапайы жымдырттык», серб тилинде, Сербия, Белград, 2018.
  • 25. «Сүйүүнүн жолдору», Черногория, Подгорица, 2018.
  • 26. «Тагдырдын мейкиндиги”, ырлар, Македония, 2018.
  • 27. «Чындык менен арзуунун ортосунда”, итальян тилинде, Италия, 2019.
  • 28. «Сүйүү учурлары», Словения, 2019.
  • 29. «Согуш мезгилиндеги сүйүү», азербайжан тилинде, Азербайжан, 2019.
  • 30. «Ачуу кофе»,венгер тилинде, Будапешт, Венгрия, 2019.
  • 31. «Ойлор сүйүүгө уу кылат», шона тилинде, Зимбабве, 2019.[14]
  • 32. «Антидром», норвеж тилинде, Осло, 2019.

Жетан Кельменди которгон китептер түзөтүү

 
Neruda Awards
  • 1. Атанасе Ванчев де Траси, ырлар,Франция, француз тилинен Йовалин Кола менен биргеликте.
  • 2. «Жарыктын көлөкөлөрү”, Скендер Шерифи, Бельгия, француз тилинен.
  • 3. «Дүйнөлүк поэзия антологиясы», (10 мамлекеттен 10 акын), англис жана француз тилдеринен.
  • 4. «Дүйнөлүк поэзия антологиясы», (13 мамлекеттен 13 акын) англис тилинен.
  • 5. Эрлинг Киттельсен (Норвегия), англис тилинен.
  • 6. «Нерселердин аталышы”, Чжан Чжи Диабло, Кытай,англис тилинен.
  • 7. «Шамалдын жалгыздыгы», Билл Волак, АКШ, англистилинен.
  • 8. «Кагуу», Алисия Куберская, Польша, англис тилинен.
  • 9. «Ойлордун үндөрү», Ли Куэй-шиен, Тайвань, англистилинен.
  • 10. «Мен эмненидир үйрөндүм”, Атаола Бехрам оглу, Стамбул, англис тилинен.
  • 11. «Осуят», Эрнесто Кахан, Тель-Авив, англис тилинен.
  • 12. «Эки дүйнө айланасында”, Мария Мираглия, Рим, англис тилинен.
  • 13. Даыйндоолор, Фернандо Рендон (Нобель сыйлыгынаталапкери), англис тилинен.
  • 14. «Ыктымалдык амплитудасы»,Лаура Гаравалья, англисжана француз тилдеринен.
  • 16. «Реестр маанилуу жазылган», Тендай Ринос, Манака, англис тилинен.

Эл аралык сыйлыктар түзөтүү

 
International writers in Paris 2008 Vladimir Lesovoy, Russia; Clara Maria Gonzales de Urbina, Columbia; François Szabo, France; Ioana Trică, România; Yvan Tetelbom, France, Jeton Kelmendi Kosovo
  • I. Украина илимдер академиясынынУкраин жана Кавказ таануу институтунун Ардактуу доктору, 2012-ж.
  • II. Улуттук Дель Эсте университетинин Ардактуу доктору, Прага, 2017.
  • III. Солензара Эл аралык ардактуу сыйлыгы, Париж, Франция 2010.
  • IV. Николай Гоголь атындагы Эл аралык сыйлыгы, Украина, 2013.
  • V. Александр Македонский атындагы Эл аралык сыйлыгы, Греция, 2013.
  • VI. Митингу атындагыУлуттук поэзия китебинин сыйлыгы, Гякова, Косово, 2011.
  • VII. Үчүнчү даражадагы «Дүйно поэзиясы» эл аралыксыйлыгы, Сараево, Босния жана Герцеговина, 2013.
  • VIII. «2013-жыл котормочусу», Кытай, 2013.
  • IX. Поэзия боюнча Эл аралык Тереза Эне аттуу сыйлыгы, Гякова, Косово, 2013.
  • X. Эл аралык Людвиг Нобель атындагы сыйлыгы, Удмуртиянын ПЕН клубу, Удмуртия, Россия, 2014.
  • XI. Михай Эминеску атындагы Эл аралык сыйлыгы, Румыния, 2016.
  • XII. Эл аралык «Жыл акыны- 2016», Софлай фонду, 2017.
  • XIII."Дүйнөлүк Тынчтык Иконасы" Эл аралык сыйлыгы, Дүйнөлүк Тынчтык Институту, Нигерия, 2017.
  • XIII. "Дүйнөлүк адабият" эл аралык сыйлыгы, Казакстан, 2017.
  • XIV. Тынчтык элчиси, Дүйнөлүк Тынчтык Институту, 2017.
  • XV. "Академиялык сыйлык" эл аралык сыйлыгы, Европа искусство, илим жана адабият академиясы, Париж, 2018.
  • XVI. Мэттью Арнольд атындагы Эл аралык сыйлыгы, Индия, 2018.
  • XVII. Эл аралык атайын сыйлык, Боливия, 2019.
  • XVIII. Константин Стере Университетинин Ардактуудоктору, Кишинев, Молдова, 2019.
  • XIX. Эл аралык Неруда сыйлыгы, Таранто, Италия, 2019.
  • XX. Дүйнөлүк адабияттык наам, Монголия, 2020.
  • XXI. Акыркы Сурнай теологиялык институтунун Ардактуудоктору, Бразилия.
  • Жеке сайты: [www.jetonkelmendi.page.tl]

шилтемелер түзөтүү

  1. Jeton Kelmendi. Jeton Kelmendi (15 -июль (теке) 2009). Текшерилген күнү 2 Апрель 2020.(жеткиликсиз шилтеме)
  2. How to reach yourself, 2007, p. 10
  3. Books. Jeton Kelmendi (15 -июль (теке) 2009). Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2013.
  4. Koha kure te kete kohe – Picture. Unitedworldpoets.com (24 -июнь (кулжа) 2013). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2013.
  5. RRUGÀTIMI I MENDIMEVE. Amazon.com. Текшерилген күнү 25 -март (жалган куран) 2010.
  6. ZONJA FJALÀ – DRAMÀ. Amazon.com. Текшерилген күнү 25 -март (жалган куран) 2007.
  7. harmattan.fr. Harmattan.fr. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2013.
  8. Groupe l'Harmattan – Livres, revues, articles, ebook, vidéo, VOD, librairies, théâtre. Harmattan.fr. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2013.
  9. Groupe l'Harmattan – Livres, revues, articles, ebook, vidéo, VOD, librairies, théâtre. Harmattan.fr. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2013.
  10. Frau Wort. Amazon.com. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2015.
  11. НА ВЕРХІВ'Ї ЧАСУ. Botasot.info. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2015.
  12. The Earth Culture Pres. Blog.sina.com. Текшерилген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2015.
  13. Thoughts Hunt Loves (Chinese, Paperback). Текшерилген күнү 9 -март (жалган куран) 2014.
  14. Pfungwa Dzinovhima Vadiwa - Thoughts Hunt The Loves. Текшерилген күнү 9 -март (жалган куран) 2014.