Жибек жана Түстүү революциялар

Жибек жана Түстүү революциялар - классикалык революциялардан айырмаланган «жибек революцияларынын» теориялык принциптери Италия коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү жана теоретиги А. Грамши тарабынан 30-ж. эле иштелип чыккан.

Анын көз карашы боюнча мындай революциянын эң негизги белгиси коомдун базисин (системасын) эмес, анын саясий мамилелерге, идеологияга, аң-сезимге тиешелүү болгон надстройкасын «жумшак, кансыз жана жарандык согушсуз» өзгөртүү менен бир катар маанилүү реформалар аркылуу тигил же бул өлкөдө системалык өнүгүүгө жетишүү. А.Грамшинин теориясынын өзөгү бийлик менен жарандык коомдун өз ара келишүүсүнө негизделген «маданияттын гегемондуулугу» деп аталат да, бул келишүү жумшак «жибек революциясы» аркылуу ишке ашырылат. А.Грамшинин окуусу көптогон саясат таануучулар тарабынан улантылып, анын негизгилеринин бири Дж.Шарптын 1993-ж. жарык көрүп, бир нече жолу кайра басылган «От диктатуры к демократии. Концептуальные основы освобождения» деген китеби болуп саналат. XX к. 2-жарымында «үчүнчү дүйнө» деп аталган өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү орто кылымдык мамилелерден заманбап рынокко багыт алган системаларга өтүүгө багыт алышты. Постсоветтик республикалар болсо советтик-тоталитардык алкактан бошонуп, эгемендүүлүк алуу менен демократиялуу өнүгүү жолуна түшүштү. Бул процесстер соңку жаңы тарыхта «жибек жана түстүү революциялар» деп аталып келе жатат.

«Жибек революциясынын» түпкү мааниси - өлкөнүн өтө активдүү чакан азчылыгынын коллективдүү аракети менен мурунку тоталитардык режимдердин, анын ичинде коммунисттик режимдин революция жасагандардын пайдасына «жумшак», «жеңил» (бул түшүнүк «жибек сымал» деген түшүнүктү берет) өткөрүп берүүсүнө байланышкан.

СССРдин ыдырашы болжол менен XX к. 70-ж. башталып, ал жараян СССРдин кулашы менен 90-ж. башында аяктаган. Бул доор жалпысынан «жибек революциялары» деп аталган процесстин алкагында жүргөн.

«Жибек революцияларынын» толук ишке ашпай калышынан, анын максат-милдеттерине жетүү үчүн күрөш уланып, «жибек революциясынын перманенттик өнүгүүсүнө» алып келет да, жацы этаптагы саясий революциялык акт катары «түстүү революциялар» жаралат. Бул теориялык жобо акыркы мезгилдеги бир катар окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан.

1980-ж. акырында жана 1990-ж. башында постсоветтик республикалар «жибек революциясынын» принциптери менен советтик-тоталитардык системадан бошонуп, эгемендүүлүк алуу менен заманбап рынок шарттарына негизделген коомго багыт алышса, алардын кай бирлери, мис., Грузия, Украина жана Кыргызстан сыяктуу республикалар «түстүү революциялардын» негизинде авторитаризмден кутулуп, толук кандуу эркин мамлекеттик системаны курууга аракет кыла баштаган. «Жибек революциялары» менен «түстүү революциялардын» айырмачылыгы. Саясат таануучулардын бир катары булар эки башка революция деп санашат. Басымдуу көпчүлүгү бул экөө тең «жибек революциялардын» алкагында турат деп эсептешет. Болгону «түстүү революция» азыркы кай бир заманбап өлкөлөрдө бир топ айырмачылыктары менен ишке ашкан «жибек революцияларынын» сапаттык жаңы баскычы катары кабыл алынган.

«Жибек революциялары»

  • - Жарандык согуштун жоктугу
  • - Таптык күрөштүн жоктугу
  • - Кансыздыгы
  • - Салыштырмалуу тынчтыгы менен айырмаланышат.

Жыйынтыгы - коомдук жана социалдыкэкономикалык жактан еистемалык өзгөрүүгө багытталып, жаңы, заманбап коомдук жашоону баштоо. (Башкача айтканда жогору жакта айтылгандай «үчүнчү дүйнө» деп аталган өлкөлөрдүн орто кылымдык мамилелерден, ал эми социалисттик деп аталган өлкөлөрдүн советтик-тоталитардык алкактан бошонуп заманбап рынокко, демократиялык коомго багыт алышы, жацы коомдук системага өтүшү.)

Соңку доордун тарыхында Евразия континентинде болуп өткөн саясий окуялар, мис., 1981-83-жж. Полыпадагы «Солидарность» уюму тарабынан уюштурулган окуялар, 1989- ж. болуп өткөн Чыгыш Европадагы бир катар социалисттик мамлекеттердеги (Румыния, Венгрия, Болгария ж.б.) «революциялар», 2000-ж. Сербияда Милошевичтин режиминин кулашы, ж.б. окуялар, ошондой эле мурунку совет өлкөсүнүн ыдыроосунун негизинде ар түрдүү ыкма жана жолдор аркылуу постсоветтик эгемендүү республикалардын түзүлүшү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын уюштурулушу «жибек революцияларынын» мисалы боло алат.

«Түстүү революциялар» болсо

  • - Жибек революцияларынын» жаңы этабы
  • - Жарандык согушсуз.
  • - Таптык күрөшсүз.
  • - Салыштырмалуу кансыз.
  • - Өлкөнүн калкынын «оппозицияда» турган белгилүү тобу тарабынан уюштурулуп, же колдоо таап жасалгандыгы.
  • - Тышкы фактордун таасиринин күчтүүлүгү (Мис., АКШ, РФ)

Жыйынтыгы - бийликтин жөн гана алмашуусу эмес, мамлекеттик системанын легитимдүүлүгүн жана анын геосаясаттык багыттарьш принципиалдуу өзгөртө алгандыгы. Мис., 2003-ж. Грузиядагы «роза революциясы», 2004-ж. Украинадагы «апельсин же малакай түстүү революциясы», 2005-ж. Кыргызстандагы «жоогазын революциясы» эсептелишет.

Бул жерде кыргыз «түстүү революцияларынын (2005, 2010)» Грузия жана Украинага Караганда бир катар өзгөчөлүктөрү да бар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8