Живопись, скульптура жана архитектура институту

Живопись, скульптура жана архитектура институту И. Е. Репин атындагы – Санкт-Петербургдагы (Санкт-Петербург мамлекеттик Академиялык) Россиянын биринчи жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Ал өз башатын Императордук сүрөт Академиясынан баштаган жана пайда болгондон тартып эле көркөм чыгармачылыктын жалпы улуттук борбору менен кесиптик көркөм билим берүү функцияларын чогуу алып жүргөн. Бул жерде реалисттик чеберчилик принциптерине негизделген улуттук пед. система калыптана баштаган. Сүрөт класстары жогорку Сүрөт окуу жайына биригип, чыгармачыл шыктануунун ар кандай этаптарын, динамикалык өнүгүүнү жана туруп калган кризистик көрүнүштөрдү башынан өткөргөн. 1918-ж. Жогорку сүрөт окуу жайынын ордуна Петроград мамлекеттик эркин сүрөт-окуу өнөрканалары уюштурулган. Жаңы сүрөт мектеби түгөнбөгөн полемика менен ар кандай чыгармачыл багыттардын күрөшү астында калыптана баштады. Мында мамлекеттик органдардын волюнтардык ыкмалары негативдик роль ойногон. Системалуу түрдө көркөм билим берүү зарылчылыгына шек келтиришкен. Өнөрканаларды Вхутеинге кайра уюштуруудан архитектуралык факультет менен живопись факультетинин станоктук живопись бөлүмү жок болуп кеткен. Академиянын көрүнүктүү педагогдору жумуштан четтетилген. 1931-ж. Сүрөт академиясынын традициялык структурасы кайра калыбына келтирилген. Анын курамында живопись, скульптура жана архитектура институту түзүлгөн. Аны скульптор А. Т. Матвеев жетектеген. Көркөм сүрөттүк билим берүүнүн негизин кайрадан сүрөт жана композиция мыйзамдары түзүп калган. Кайрадан башында көрүнүктүү сүрөт чеберлери И. И. Бродский, Б. В. Иогансон, А. Т. Матвеев, А. А. Осмеркин, М. Г. Манизер, П. А. Шиллинговский, Л. В. Руднев, С. С. Серафимов, Р. Р. Френс, В. В. Лишев, В. Б. Пенчюк, И. Я. Билибин турган жеке өнөрканалар иштей баштаган. 1973-ж. көркөм искусство тарыхы жана теориясы факультети ачылган. 1944-ж. ин-тка И. Е. Репиндин аты ыйгарылган. 1942–1944-ж. чейин институту адегенде Самарканда, андан соң Москванын алдында эвакуацияда болгон. Бул ин-тту Ю. М. Непринцев, А. И. Лактионов, Е. Е. Моисеенко, А. А. Мыльников, М. К. Аникушин, Б. С. Угаров, П. Т. Фомин, С. Б. Сперанский, А. В. Томский, В. М. Орешников, Е. А. Кибрик, В. А. Серов жана башка бүтүрүп чыккан. 1995-ж. ин-тта 1200 студент окуган. Ин-тта көрүнүктүү сүрөт чеберлери А. А. Мыльников, М. К. Аникушин, П. Т. Фомин, Ю. М. Непринцев, Б. А. Пленкин жана башка сабак беришкен. Ин-т мурунку союздук респ-каларга улуттук кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт жана андан башка мамлекеттерден келген студенттер билим алышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү