Жийдебаев, Улан Жумакожоевич

Жийдебаев, Улан Жумакожоевич - Саха (Якутия) Республикасынын борбору Якутск шаарында милициянын аймактык бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору. Теги кыргыз.

Өмүр баян түзөтүү

Улан Жийдебаев 1967-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган.

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин бүтүргөн. Студент кезинде Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон.

1993-жылы Каракол шаарында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасында кадрлар бөлүмүндө инспектор катары эмгек жолун баштаган, андан соң Кыргызстанда полициянын (милициянын) ар кыл оперативдүү жумуштарын аткарган.

2000-жылы Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн.

Учурда Саха (Якутия) Республикасынын ордосу Якутск шаарынын ички иштер башкармасында кызмат өтөйт.

Сыйлыгы түзөтүү

Орусиянын Саха (Якутия) Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен "Кызматтагы артыкчылыгы" медалы жана Ардак Грамотасы менен сыйланган.