Жогорку Рейн ойдуңу - Рейн дарыясынын ортоңку агымында, көпчүлүк бөлүгү Германияга, бир азы Францияга таандык.

Жогорку Рейн

Уз. 300 км, туурасы 40 км. Жогорку Рейн ойдуңу - кайнозойдо пайда болгон борпоң тoo тектер менен толгон татаал грабен.

Калий тузу жана нефть кендери бар. Рельефи Рейн дарыясынын тектирчелүү кенен өрөөнү менен дөңсөөлүү түздүктөн турат. Климаты мелүүн, жылдык жаан-чачыны 500-700 мм.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.