Жогорку чыңалуудагы техника

Жогорку чыңалуудагы техника – электр техникасынын жогорку электрдик чыңалуудагы (1 кВттан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү жана колдонуучу бөлүгү. Жогорку чыңалуудагы техниканын негизги багыты – электр тогун өткөрүүчү линиялардын узакка ишенимдүү иштөөсүн жана ашыкча чыңалууга туруштук берүүсүн камсыз кылуу үчүн жогорку вольттуу электр машиналарын жана курулмаларын жасоо. Экинчи маанилүү багыты – жогорку вольттуу курулмаларда пайда болгон жогорку жыштыктуу нурланууну жана таажылуу разрядды изилдейт. Жогорку чыңалуудагы техникага, ошондой эле жогорку вольттуу курулмаларды сыноочу, өлчөөчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу жана пайдалануу жумуштары тиешелүү. Газ тазалоо системасында, сырдоо жана башка багыттарда колдонулуучу электрон-иондук технология жогорку чыңалуудагы техниканын өзүнчө бөлүмү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1