Жогору умтулган мандалак

Жогору умтулган мандалак (лат. Tulipa anadroma, Z. Botsch.) - Журмуртка сымал пияз түбүнүн диаметри 3,5 см ге чейин жетет. Сырткы кабыгы бозомук-күрөң, жука, жогору жагынан ичинен кысылган түкчөлүү. Түз сабактуу, жогорку бөлүгү үлпүлдөк түктүү келип, 30 см бийиктикке чейин жетет. Жалбырактары (3-4 санда) кыска ланцеттей, учтуу, жогору умтулган, көгүш сымал, сейрек түктүү, сабагына ыкташып өсүп, айкын тарамыштуу, жаа сымал, эң алдыңкы жалбырагынын узундугу 30 см ге чейин жетет. Бир гүлдүү, лилия формасында, бир кыйла ири, ачык-сары түстө, төмөн жагында күңүрт-сары тактары бар. Гүл коргонунун желекчелеринин сырткы жагынын жону жазы, киргилт-күрөң кызыл, ичкилери өтө кыска ланцеттүү-ромбдой келип, эки тарабы учтуу ачык-сары түстө. Аталыгы гүл коргонунан эки эсе кыска, бирок мөмөлүгүнөн узунураак. Чаңдыгы сары. Кутучасынын узундугу 5 см ге жетип, ачык сары, кыска, үч кырдуу конустай.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май айынын башталышында гүлдөйт (Бишкек шаарында гүлдөөсү апрелң айынын орто ченинен баштап 2-3 жумага чейин созулат). Мөмөлөөсү боюнча маалымат жок. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Чаткал тоо кыркасы (Кыргызстан, Өзбекстан).

Өсүү шарттары түзөтүү

Орто тоолуу жана шагылдуу беттердеги жаңгак токойлорунун алкактары.

Саны түзөтүү

Маалымат жок. Чачыранды кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Токойлорду чарба катарында колдонуу. Корукка алынган аймактарда пияз түптөрүн жапайы айбанаттар тоют катары пайдаланат, жергиликтүү калк гүлдөрүн массалык түрдө чогултат.

Өстүрүү түзөтүү

Маданий өстүрүүдө 2 гүлдүү жана 8 желекчелүү гүл коргон байлайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ареалынын ар кайсы жерлеринде популяциясынын санына иликтөө жүргүзүү зарыл. Сарычелек коругундагы табыгый өскөн аймактарын толугу менен корукка алып, пияз түбүн жана гүлүн чогултууга тыюу салуу.

Статусу түзөтүү

VU. Саны азайып бара жаткан Чаткал тоо кыркасынын эндем түрү. Кыргызстанда өскөн сары гүлдүү мандалактардын ичинен эң коозу. Маданиятташтырууга өтө ылайыктуу түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү