Жолборсов Токтогул
Жолборсов Токтогул 1952-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.
- 1959-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебине 1-класска барып, аны 1969-жылы бүтүрүп чыгат.
- Мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе шаарындагы Дене тарбия институтуна тапшырат да,
- 1976-жылы ийгиликтүү аяктап келип, Көк- Жаңгак шааркомунун комсомол комитетинде, бөлүм башчы болуп эмгектене баштайт.
- 1981-жылы шаардык Коммуналдык комбинатында башкы инженер, андан кийин жетекчиси болуп 1996-жылга чейин иштеген.
- 1996-жылдан 2006-жылга чейин, Октябрь кыштагында “Коммуналыпик” ишканасын негиздеп, анын жетекчиси болуп эмгектенет.
- 2006-жылдан жеке ишкерлик менен алектенген.
- Кайсыл жерде иштесе да талыкпастан эмгектенип, эл арасында аброю абдан чоң болуп, коомдук иштерге активд үү аралашып, айылдын өсүп- өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон.
- Үч чакырылыштагы айылдык кеңештин,
- 2004-2008-жылдары райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.
- “Эл агартуунун отличниги”, “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.
- 2012- жылы күтүүсүз кырсыктан каза болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3