Жолбун көл – жайык түздүктөрдө жайгашып, жылдан жылга орду, өлчөмү жана туздуулугу өзгөрүп туруучу туюк көл. Мындай көлдөрдүн болушунун негизги себептери: суусу мол жана аз жылдарда же мезгилдерде келген суулардын өтө өзгөрмөлүүлүгү; көлгө куйган суулардын шиленди тектерди көп агызып келүүсү. Жолбун көлдөр материктердин кургакчыл ички аймактарында кездешет, мисалы, Кытайдагы Лобнор көлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1