Жомокчулар
Жомокчулар - жомок айтуучулар, мерчемдүү репертуары бар чебер аткаруучулар. Кыргыз оозеки чыг-лыгында кара сөз түрүндө айтылган «Акыл Карачач», «Чык татырбас Чынарбай», «Жети таз менен жеке таз» жана башка жомокторду эл арасында жайылткан сөзмөр адамдарды жөө жомокчулар деп аташкан. Жалпысынан кыргыз эл эпосторун, дастандарды аткаруучуларды, манасчыларды да Жомокчулар дешкен.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- "Жомокчулар жана жомоктор" жыйнак Archived 2017-10-23 at the Wayback Machine