Жоожатты, Тоо – Алай кырка тоосунун түндүк тармактарынын бири. Исфайрамсай жана Абшырсай сууларынын аралыгында дого сымал кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 9 км. Орточо бийиктиги 3000–3300 м, эң бийик жери 4048 м. Жону тайпак, түштүк жана батыш капталдары тик жана кыска. түндүк жана чыгыш беттери жантайыңкы.

Төмөнкү карбондун метаморфизмделген кумдук, сланец, мрамор жана мраморлуу акиташ тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Талаа (1900–2100 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (арча, бадал өсүмдүктөрү; 2800–3000 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы жана күнгөйүндө бетегелүү талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү