Жоомарт Кайыпович Оторбаев(18.8.1955-ж. т., Фрунзе) – физик, физика-математика илимд.-доктору (1990), КР УИАнын корр. мүчөсү (1994), проф. (1996), Нью-Йорк ИАнын анык мүчөсү (1995), Кыргыз илимди өнүктүрүү б-ча Америка ассоциациясынын анык мүчөсү (1996), Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча Ленин комсомол сыйл. лауреаты (1983). Ленинград мамл. ун-тинин физика ф-тин (1978), П. Н. Лебедев атн. ин-ттун аспирантурасын (1981, Москва) бүтүргөн. 1981-жылдан Кыргыз ССР ИАда кенже, улук ил. кызматкер, лабор. жетекчиси болуп иштеген. 1996−2002-ж. КРдеги Philips Electronics өкүлчүлүгүнүн генералдык директору, Philips Electronics корпорациясынын Борб. Азия өлкөлөрү б-ча вице-президенти, 1997−2002-ж. КРдеги Нидерланд Королдугунун ардактуу өкүлү, 2001−04-ж. чет элдик инвестицияларды тартуу б-ча КР Президентинин атайын өкүлү, 2002-05-ж., 2011-жылдан КРдин вице-премьер-министри. 230дан ашуун ил. эмгектин, а. и. 5 монография, 3 окуу колдонмонун автору.