Жоо-Жүрөк мрамор кени
Жоо-Жүрөк мрамор кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Жумгал тоо тизмегинин түштүк айрыгында, Борбодой жана Ак-Таш сууларынын алабында. Кен аймагында протерозойдо пайда болгон чөкмө жана жанартоотектери жатат. Алардын арасындагы мрамор катмарларынын калыңдыгы 5 мден 100 мге жетип, узундугу 800–900 мге созулат. Мрамордун өңү ак, боз болуп, көгүш, каралжын түстөр менен кошумчаланат. Таштан кооз көркөм буюмдарды жасоого болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7