Жорго-Таш мөңгүсү
Жорго-Таш мөңгүсү – Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун оң куймасы – Көксуунун (батыш) алабында жайгашкан. Узундугу 4,6 км, аянты 4,3 км2, көлөмү 0,200 км3. Башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Жорготаш суусу башталып, Көксууга куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2