Жорго тоодак (Chlamydotis undulate), (Jacquin, 1784):

Chlamydotis undulata

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк Африка түштүктү карай түндүк тропикке чейин, Синай жарым аралы, Уэнтевентура жана Лансароте аралдары. Евразияда Кичи Азиянын чыгыш бөлүгүнөн, Сириядан, Палестинадан чыгышты көздөй Ички Монголияга чейин. Казахстандын түштүк жарымында уялоодо жана учуп өтүүдө, түндүктөн Тайсуган кумдарына, Иргиздин ылдый жагына, Түндүк Прибалхашңе жана Зайсан ойдуңуна чейин кездешет . Белуджистанда уялайт, Пакистанда, Индиянын Раджастанында жана Гуджиратында кыштайт, Кашмирде жана Делинин тегерегинде кездешет . Кыргызстанда көбүнчө Ысыккөл ойдуңунда кездешчү .

Жашаган аймактары түзөтүү

Такырдуу чөлдөр жана жарым чөлдөр, тоо кыркаларынын чөлгө айланган этектери, кээде күзүндө жана кышында дан өсүмдүктөрү өстүрүлгөн жерлерде кездешет.

Саны түзөтүү

Азыркы учурда жорго тоодактын саны кыскарды, эң эле сейрек кездешүүчү канаттуу. Негизинен Ысыккөл ойдуңунда жалгыз особдор кездешет. 1988-жылы жалгыз канаттуу коруктан тышкары Ысыккөл районунун Торуайгыр айылынын тегерегинде бир ай бою жашаган. Ушул эле жерде 1988- жылы Тору-Айгырда 5 жорго тоодак арпа эгилген талаада кездешкен. 1991-жылы жалгыз канаттуу ушул айылдын айланасында байкалган. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Ачык жерлерди артыксынтат, караңгы түнү жана түштө активдүү эмес, түндөсү айдын жарыгында азыктанат. Тынчсызданган маалда башын маскировкалайт, денесинин түсү чөйрө менен аралашып кетүүгө жардам берет. Тамак тандабайт, бирок өсүмдүктү артыксынтат, буудайдын башы, мөмөлөр менен азыктанат, бирок кумурскаларды, коңуздарды, чегирткелерди, кескелдириктерди жана чоң эмес жыландарды этибар калтырбайт. Үн чыгарбайт. Уясы - жөн гана болгон өсүмдүктүн алдындагы кум же шагылдагы чуңкур жер. Уясында 3-4 күрөң түстөгү темгилдүү жумуртка бар.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Антропогендик факторлордун таасиринин, анын ичинде жашоого ылайыктуу жерлерди айдоо, законсуз атуунун натыйжасында бул түрдүн саны кыскарууда. Жаратылышты коргоонун жана пропаганданын начардыгы.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргызстанда изилденген эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Чаралар колдонулган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Бул түрдүн учуп өтүүдө жана уялоодо же кыштоодо иликтелген популяциялары сакталган райондордо заказниктерди түзүү. Мындай кыштоо жана уялоо жерлерди аныктоо. Түрдүн Кыргыз Республикасындагы жашоо аймагын жана таралышын тактап изилдөө.

Статусу түзөтүү

III категория, Critically endangered, CR: R, A1. Кыргызстанда Chlamydotis undulata macqueenii1 (J.E. Gray, 1832) кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү