Амаду Жоржи - (10. 8. 1912, Пиранги - 6. 8. 2001, Сальвадор шаары) - бразилиялык жазуучу, коомдук жана саясий ишмер. Бразилия жумушчу кыймылынын активдүү катышуучусу. Рио-де-Жанейродо юридикалык факультетте окуган. 1961-жылдан Бразилия академиясына мүчө. «Какао» (1933), «Тер» (1934) романдарында кедей-дыйкандардын аңсезиминин ойгонушун чагылдырат. «Учу-кыйырсыз жерлер» (1943), «Сан Жоржи дос Ильеус» (1944) аттуу роман-экилтигинде, «Кызыл үрөндөр» (1946), «Азаттык подпольеси» (1952), «Түн күзөтчүлөрү» (1964) ж. б. повесттери менен аңгемелеринде революциячыл маанайды, эмгекчилердин турмушун, күрөшүн, образдарын реализм позициясынан чагылдырган. «Тентиген кыздын кайта келиши» (1977) аттуу романы бар. Анын чыгармалары дээрлик бардыгы орус тилине которулган. Эл аралык Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1951).

Колдонулган адабияттар түзөтүү