Бизе Жорж - (25. 10. 1838, Париж 3. 6. 1875 Парижге жакын Буживаль) француз композитору. Музыканттын үйбүлөсүнөн. Париж консерваториясына 10 жашында кабыл алынып, аны 1857-ж. бүткөн. «Кловис жана Клотильда» кантатасы үчүн Чоң Рим сыйлыгын алган. Бизт 20дай опера жазган. «Акак издөөчүлөр» (1863), «Перт сулуусу» (1866), «Арлезиан кызы» (1872) ж. б. чыгармаларында реалисттик тенденциялар таасын көрүнөт. Бизенин чыгармачылыгынын туу чокусу «Кармен» операсы (1874), 1875-ж. Парижде коюлган. Бизенин оркестрдик чыгармалары: «Рим» (1868), «Мекен» драмалык увертюрасы (1874) ж. б. «Апрель ыры», «Пастораль», «Эл кайда көчөт» сыяктуу романстары француз вокалдык лирикасынын мыкты үлгүлөрүнө кирет. Бизенин «Кармен» операсы 1949-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлуп келе жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү