Жорж Клуни

Америкалык актёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист жана коомдук ишмер

Жорж Тимоти Клуни (англ. George Timothy Clooney; 1961-жылы 6-май) – америкалык актер, режиссер, активист жана филантроп. Клуни тасмаларда аткарган ролдору үчүн үч "Алтын глобус " сыйлыгына татыган жана "Оскар" сыйлыгына актер ("Сириана" (англ. Syriana, 2006)) жана кош-продюсер ("Арго" (англ. Argo, 2012)) катары татыган.

George Clooney (2014)

Клуни эң алгачкы телевизиондук ролун 1978-жылы аткарган, кийин, 1994-1999-жылдар арасы "Тез жардам" (англ. ER) медициналык драмада доктор Дуг Росстун ролун аткарып дүйнөлүк атактуулукка жеткен, бул ролу үчүн актер прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын эки номинациясына татыган. "Тез жардам" телесериалында тартылып жүргөн кезинде Клуни ар кандай тасмаларга тартылууга чакырылган, алардын ичинде: "Бетмен менен Робин" (англ. Batman & Robin, 1997) жана "Көрүнүп турган мейкинден тышкары" (англ. Out of Sight, 1998), ошондо актер режиссер Стивен Содерберг менен биринчи жолу иштешип, таанышуусу көпкө созулган кызматташтыкка айланган. 1999-жылы актер көпчүлүккө жаккан, Фарс булуңунда орун алган согуш жөнүндөгү "Үч король" (англ. Three Kings) тасмада башкы роль аткарган.

2001-жылы Клунини кеңири белгилүү кылган, финансылык жактан ийгиликтүү болгон "Оушэндин 11 досу" (англ. Ocean's Eleven) күлкүлүү окуялуу тасманын башкы ролунда тартылган. Кийинки жылы Клуни "Кооптуу мүдөөлөрдүн сыртка чыгышы" (англ. Confessions of a Dangerous Mind) аталышындагы алгачкы режиссердук ишин чыгарган, ошондой кийин Клуни "Бейпил түн жана ийгилик" (англ. Good Night, and Good Luck, 2005), "Бийликке алып барган жол" (англ. The Ides of March, 2011) жана "Эстеликтердин артынан түшкөндөр" (англ. The Monuments Men, 2014) тасмалардын режиссердук ишин аткарган.

Клуни жакынкы чыгыш триллери "Сириана" (англ. Syriana, 2005) тасмада аткарган ролу үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына татыган, ошондон кийин актер "Майкл Клейтон" (англ. Michael Clayton, 2007), "Акылы асманда" (англ. Up in the Air, 2009) жана "Тукум" (англ. The Descendants, 2011) тасмадагы ролдору үчүн "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкери болгон. 2013-жылы Клуни "Арго" (англ. Argo) тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты тасма" номинациясына ээ болгон. Клуни "Оскар" сыйлыктын алты ар башка номинацияларына талапкерлиги коюлган жалгыз адамы болгон.

2009-жылы Клуни Time журналынын жылдык Time 100 тизмесине "Дүйнөдөгү эң таасирдүү инсан" катары кирген.Ошондой эле Клуни саясий жана экономикалык ишмердүүлүгү менен таанымал жана 2008-жылдын 31-январынан бери БУУнун Тынчтык корпусунун атайын өкүлү болуп келет. Клунинин гуманитардык ишине Дарфур жаңжалынын чечүү маселесин табуу, 2010-жылы Гаитиде жер титирөөдөн жапа чеккендердин фондуна каражат топтоо, армяндардын геноцид маселеси, цунами-2004, 9/11 курмандары жана эл аралык каатчылыкка кабардар болууга чакырган "Кум менен кайгы" (англ. Sand and Sorrow) тасма тартуусу кирет. Ошондой эле Клуни эл аралык мамилелер кеңешинин мүчөсү.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү