Жортуулчу"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Торучаарды окко учуруп, курчоодо жөө калган Манаска Кошой келип Айбанбозду бергенден кийинки урушта "Жоорукер минген" Ж. Нескаранын найзасынан өлгөнү айтылат ( Саякбай Каралаев, 1. 161).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4