Жоуль-Ленц мыйзамы ― массасы белгилүү идеалдык газдын ички энергиясы анын көлөмүнө эмес температурасына гана көз карандылыгы жөнүндөгү мыйзам. Жоуль-Ленц мыйзамы идеалдык газдын кинетикалык теориясынын көз карашынан келип чыгат: молекулалардын өз ара аракеттенишүүсү болбойт (өз ара аракеттенишүүнүн потенциалдык энергиясы нөлгө барабар), ошондуктан молекулалардын арасындагы аралыктын өзгөрүшү (көлөмдүн өзгөрүшү) ички энергияны өзгөртпөйт.

Q=aI2Rt. Пропорциялаштыктын а коэффициенти бирдиктер тутумун тандоого байланыштуу болот. Эгерде I ампер менен өлчөнсө, R Ом, t секунда менен туюнтулат, ал эми а = 0,239 болсо, Q калория менен, а = 1 болсо, Q джоуль менен ченелет.

Бул мыйзамды англиялык физик Ж.П. Жоуль аныктаган (1834-жылы).

Булактар түзөтүү