Жугжур - Ыраакы Чыгыштагы кырка тоо. Россиянын Хабаров крайында. Охота деңизинин түндүк батыш жээгин бойлой 700 кмге созулуп жатат. Алдан деңизи менен Охота деңизинин алаптарынын суу бөлгүчү. Эң бийик жери 1906 м (Топко чокусу). Негизинен магма, бир аз чөкмө тектерден турат. Орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Көп жылдык тоң кыртышы бар. Батыш капталын даурия кызыл карагайлуу, чыгышын аян карагайлуу тайга ээлейт; бийик беттерде жапалак кедр өсөт.

Жугжур.

Колдонулган адабияттар түзөтүү