Жугуштуу анемия - жылкынын(Anaemia infectiosa equorum) сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, калтыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Жугуштуу анемиянын козгогучу курамында РНК бар вирус. Вирус айлана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Жугуштуу анемия менен жылкы, эшек, качыр жана пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мурдунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркылуу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу факторлорго мите менен булганган чөп, жем, суу, төшөлгө, тезек жана башка айлана-чөйрө объектилери кирет. Жугуштуу анемия башка ылаңдардан өзгөчөлүгүушул мезгилге чейин алиментардык жол менен дарттын соо малга беришинин тактала электиги. Ылаңдуу жана соо малдарды бир нече ай бою бирге бакса да, ылаң соо малга жукпайт. Ошол эле мезгилде соо жылкыларга териси аркылуу эң эле аз өлчөмдөгү вирустун кириши (0,01 мл кан же кандын сары суусу) ылаңды пайда кылат. Ылаңды негизинен көгөөн таратат. Ал ылаңдаган малдын канын соруп, соо малга жуктурат. Көгөөндүн денесинде Жугуштуу анемиянын вирусу 4 саатка дейре сакталат, бирок көбөйбөйт. Ылаң өтө тез, курч, жетилген, улаарган жана тымызын формада өтөт. Жугуштуу анемияда лимфоциттердин саны кескин көбөйөт. Жугуштуу анемияда диагнозду эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, гематологиялык, патоморфологиялык жана серологиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдаган мал дарыланбайт, союлуп эти жараксыздандырылат. Ылаңдын алдын алуу үчүн пландуу түрдө чарбадагы жылкылардын канын текшерип туруу зарыл. Жугуштуу анемия чыккан чарбага чек коюлат. Бул жердеги бардык сыңар туяктуу мал клиникалык жана серологиялык ыкмалар (РДП) менен ай сайын текшерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү