Жугуштуу оорулууну бөлүү

Жугуштуу оорулууну бөлүү. Көпчүлүк жугуштуу оорулар соо кишилер оорулуу менен жолукканда жугат. Ошондуктан жугуштуу оорулууну соолордон бөлүү эпидемияга каршы чаралардын бири болуп эсептелет. Эпидемиянын алдын алууда жугуштуу оорулууну же күнөм санаган учурда аны тезинен бөлүү чоң мааниге ээ. Жугуштуу оорулуулар өзүнчө, атайын ооруканаларда дарыланышат. Кээде ооруканага жеткиргенче балдар бакчасында, жатаканада, вокзал жана башка мекемелерде убактылуу изолятордо жайгаштырылат. Жугуштуу оорулууларды дарылай турган ооруканалар ар бир жугуштуу оорунун түрүнө карай өзүнчө бөлөкбөлөк адистештирилген, мисалы, дизентерия, келте, сарык, скарлатина жана башка бөлүмдөргө бөлүнөт. Эгерде диагнозу так коюла элек болсо, ал оорулуу убактысынча өзүнчө (бокс же диагностикалык бөлмөгө) жайгаштырылат. Оорунун диагнозу аныкталгандан кийин оорулуу өзүнчө тиешелүү, атайын бөлмөгө которулат, ар бир оорулууну өзүнчө жалгыз бөлүп коюшат. Карантиндик, өтө жугуштуу оорулар (чума, холера, кара чечек, сары лихорадка) пайда болгондо же аларга күнөм санаган учурда оорулуулар тезинен өзүнчө режим жана пост (кароол) менен камсыздандырылган ооруканага жайгаштырылат. Оорулуу менен бирге болгондорду соо адамдардан осрунун инкубациялык (жашыруун) мезгили өткөнчө бөлүп коюшат. Кээ бир жугуштуу ооруларда (мисалы, грипп, суу чечек, скарлатина, кызылча жана башка) оорулууну үй шартында бөлүп коюп дарылоого болот. Дарылоону оорунун түрүнө, агымына, оорулуунун адистигине, ошондой эле үйдүн сан.-гигиеналык шартына карап участкалык врач жүргүзөт. Мындай учурда оорунун тегерегиндегилерге (үй-бүлөгө, келген-кеткендерге) жуктурбас үчүн өзүнчө бөлмөгө жаткызып, идиш-аяк, кийим-кечегин, сүлгү, жүз аарчы жана башка буюмдарын бөлүп коюу зарыл. Ал бөлмөгө кишилердин туш келди кирип-чыгуусуна, оорулуу менен сүйлөшүп жакындашууга тыюу салынат. Врач оорулууну дарылоодон тышкары ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, кошуналарына бул жугуштуу оорудан кандайча сактануу керектигин, жеке гигиенаны, жалпы тазалыкты сактоо эрежелерин түшүндүрөт. Оорулуу менен жолугушкан кишилерди каттап, участкалык медициналык кызматкерлер байкоого алат. Жугуштуу ичеги-карын ооруларында (мисалы, ич келте, дизентерия жана башка) үй-бүлө мүчөлөрүнө, соода жана тамак-аш ишканаларында иштегендерге лабор-ялык текшерүүлөр бүтмөйүнчө көпчүлүк менен аралашууга, кызматка чыгууга уруксат берилбейт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8