Жугуштуу ылаңдар - эволюциянын таасири менен жаныбарлардын организминде мителик кылууга жөндөмдүү болгон патогендүү микроорганизмдерден пайда болот. Алар ылаңдаган малдан соо малга, кишиге жугууга жөндөмдүү, өсүп-өнүгүүсү бир канча баскычта өтөт, макроорганизмде спецификалык реакцияларды (антителолорду, аллергияны) пайда кылат, көпчүлүк учурда иммунитетти пайда кылуучу касиетке ээ. Жугуштуу ылаңдардын бир тобу жаныбардан адамга жугат. Жугуштуу ылаңдар жаныбарлардын продукттуулугу төмөндөйт, өлүмгө учурайт, алардын алдын алуу жана дарылоо үчүн бир кыйла каражат зарп кылынып, экономикалык чоң зыянга дуушар кылат. Жугуштуу ылаңдар жапайы жана айыл чарба жаныбарын жабыркатат. Бирок, чарбалык, экономикалык шарттардын көп кырдуулугуна жана климатка байланыштуу бардык жерде бирдей кездешпейт. Жугуштуу ылаңдарга эпизоотиялык процесс таандык. Жугуштуу ылаңдардын пайда болушунун, өнүгүшүнүн, таралышынын бир топ себеби бар. Аларга тукум куугучтук, жаныбарлардын жашы, тукуму жана организминин жалпы абалы кирет. Жугуштуу ылаңдарды изилдөөнү жана ага каршы күрөшүүнү жеңилдетүүчү 10дон ашык классификациясы бар. Жугуштуу ылаңдар клиникалык белгилеринин өнүгүүсү боюнча бир канча түрдө өтөт: өтө тез, курч, жетилген, улаарган (создуккан, өнөкөт). Жугуштуу ылаңдардын диагнозу эпизоотологиялык, клиникалык, патанатуулган гистологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык, иммунологиялык комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү