Дэвид Жуд Хейворт Лоу (англ. David Jude Heyworth Law; 1972-жылдын 29-декабры) - англиялык актер. Ал эки жолу "Оскар" сыйлыгына, эки жолу АКШ киноактер Гильдиясынын сыйлыгына, үч жолу "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Эки жолу BAFTA (Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын) сыйлыгына талапкер болуп, анын бирөөсүн уткан. 2007-жылы актер Франциянын улуттук "Цезарь" киносыйлыгын уткан жана Франция өкмөтү тарабынан берилген Искусство жана көркөм сөз өнөрү(адабият) орденинин кавалери болгон .

Жуд Лоу эл аралык деңгээлге чыгарган ролу "Таланттуу Рипли мырза" (англ.The Talented Mr. Ripley,1999) аттуу режиссер Энтони Миңгелланын психологиялык триллерине таандык жана ушул ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын алган. Ошондой эле "Алтын глобус" жана "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкта актер" номинациясына көрсөтүлгөн. 2004-жылы актер "Оскар" сыйлыгынын, "Алтын глобус" сыйлыгынын, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын номинацияларына "Тоо суук" (англ. Cold Mountain,2003) фильминдеги ролу үчүн талапкер болгон. Жуд Лоунун башка көрүнүктүү ролдору "Гаттака" (англ.Gattaca,1997), "Дарбазадагы ууру" (англ.Enemy at the Gates,2001), "Жасалма акыл" (англ. A.I. Artificial Intelligence, 2001), "Каргыш тийген жол" (англ.Road to Perdition, 2002), "Алфи" (англ.Alfie,2004), "Жакындык" (англ.Closer, 2004), "Эс алуу" (англ.The Holiday,2006), "Жугузуу" (англ.Contagion,2011), "Гүгө" (англ.Hugo, 2011), "Анна Каренина" (англ.Anna Karenina, 2012), "Терс таасир" (англ.Side Effects,2013), ""Гранд Будапешт" мейманканасы" (англ.The Grand Budapest Hotel,2014) тасмаларына таандык. Ал режиссер Гай Ричи тарткан "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock Holmes,2009) жана "Шерлок Холмс: Көлөкөлөр оюну" (англ. Sherlock Holmes:A Game of Shadows,2011) тасмаларында Доктор Ватсондун образын ачып берген.

Ж. Лоу ошондой эле театр сахнасында дагы жигердүү эмгектенип, үч жолу Лоуренс Оливье атындагы сыйлыкка жана эки жолу "Тони" сыйлыгына талапкер болгон. "West End" жана "Broadway" театрларынын сахнасындагы пьесаларда ойногон.

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү