Жуковский Николай Егорович

Жуковский Николай Егорович – (5(17). 1. 1847, азыркы Владимир облусу, Орехово кыш. 17. 3. 1921, Москва) орус илимпозу, аэродинамиканы негиздөөчү. 1868-жылы Москва унтин бүтүргөн. 1870-жылдан 2-Москва аялдар гимназиясынын, 1872-жылдан Москва жогорку тех. Окуу жайында (МЖТОЖ) окутуучу, доцент. 1882-жылы «Кыймылдын бекемдиги жөнүндө» эмгеги үчүн математика илимдүү. Доктору наамын алган. 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин мжтождо жана Москва ун-тинде иштеген. 1894-жылдан Петербург, 1917-жылдан Россия ианын корреспондент Мүчөсү. 1905-жылдан Москва матем. Коомунун президенти. 1902-жылы Жуков Георгий Константиновичдин жетекчилиги менен Европадагы биринчи аэродинамикалык түтүк (Москва унтинде) курулганжана1904-жылы Кучинодо аэродинамикалык ин-т түзүлгөн. Борб. Аэрогидродинамика институтун уюштуруучусу (1918) жана алгачкы жетекчиси болгон. Жуков Георгий Константиновичдин илимий эмгектери эң башкысы авиациянын теориясына арналып, өзү «орус авиациясынын атасы» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ал самолёттун аэродинамикалык эсептөөлөрүнүн, анын динамикалык узата туруктуулугунун жана бекемдигинин эсептөөлөрүнүн негизин түзгөн. Ал катуу нерселердин механикасы, астрономия, математика, гидродинамика, колдонмо механика, машиналарды жөндөө теориясы жана башка тармак боюнча көп сандаган оригиналдуу изилдөөлөрдүн автору. Москвада жана Жуковский шаарында окумуштууга эстелик тургузулган жана илимий-мемориалдык музейи түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү