Жулия О’Хара Стайлз (англ. Julia O'Hara Stiles; 1981-жылы 28-март) – америкалык актриса. Нү-Йоркто туулуп өскөн Стайлз 11 жашында актердук кесибин баштаган, ошентип актриса алты эпизодтон турган "Жардамчы жазуучу" (англ. Ghostwriter, 1993-1994) телесериалында Эрика Дансбинин ролун аткарган. Актриса биринчи ролун "Сүйөм, сүйбөйм" (англ. I Love You, I Love You Not) тасмада аткарган, кийин ал "Каардуу" (англ. Wicked) тасмада башкы роль аткарган, ушул ролу үчүн Стайлз Карловы Варыда өткөн эл аралык кинофестивалынын сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына татыган. Актриса кеңири белгилүүлүккө "Сени жек көргөнүмдүн 10 себеби" (англ. 10 Things I Hate About You) аталышындагы өспүрүмдөргө арналган тасмада башкы роль аткарып жетип, MTV Movie Award сыйлыктын "Эң мыкты ири ачылыш аткаруу" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Teen Choice Awards сыйлыгынын эки номинациясына талапкерлиги коюлган. "Сенин аркаңдан" (англ. Down to You) тасмада аткарган ролу үчүн актриса Teen Choice Awards сыйлыктын башка эки номинацияларынын талапкери болгон, ал эми "Акыркы бийге калтыруу" (англ. Save the Last Dance) тасмадагы ролу үчүн актриса Teen Choice Award сыйлыктын Choice Movie Actress номинациясынын жеңүүчүсү болгон жана MTV Movie Award сыйлыктын "Эң мыкты аял аткаруусу" номинациясына талапкер болгон.

Кийинчирээк Стайлз чоңдорго арналган тасмаларда тартыла баштаган, ошентип ал "Чоочундардын бириккен иши" (англ. The Business of Strangers), "Мона Лизанын жылмаюусу" (англ. Mona Lisa Smile, 2003) жана "Омен" (англ. The Omen, 2006) тасмаларда роль аткарганы үчүн "Спутник" сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" номинациясына талапкерлиги коюлган. Мэтт Деймон менен бирге "Борн" (англ. Bourne) телесериалында Ники Парсонстун ролун аткарып актриса кеңири аудиторияга таанымал болгон. Актриса Showtime каналынын "Декстер" (англ. Dexter) телесериалынын бешинчи сезонунда Лүмен Пирстин ролун аткарган, бул ролу актрисага "Алтын глобус " сыйлыктын "Сериал, кичи сериал же телевизиондук тасмада тартылган эң мыкты экинчи пландагы актриса" номинациясынын жана прайм-тайм "Эмми" сыйлыктын "Драма сериалда тартылган эң көрүнүктүү конок актрисасы" номинациясынын талапери болгон. "Үмүт шооласы" (англ. Silver Linings Playbook) тасманын актеру катары Стайлз АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын "Тасмадагы эң көрүнүктүү аткаруу" номинациянын талапкери болгон.

Стайлз телевизиондук экрандарда пайда болгон "Блу" (англ. Blue) аталышындагы веб-сериялда тартылган. Актриса роль аткарган тасмалар: "Канзаада жана мен" (англ. The Prince and Me), "Асманга сейилдикке чыгуу" (англ. A Little Trip to Heaven), "Үкүнүн кыйкырыгы" (англ. The Cry of the Owl), "Арабызда" (англ. Between Us), "Караңгыдан чыгуу" (англ. Out of the Dark) жана "Жанымда жүр" (англ. Blackway, же Go With Me).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү