Жумабаева Таасилкан Токтомамбетовна

Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна (19. 12. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Алай району Кичи Каракол айылы) биология илимдеринин доктору (2002). Ош Мамлекет. педагогика институтун (1980), СССР ИАнын Химиялык физика институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1987). Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда илимий кызматкер болуп иштеген (1980-81). Жумабаеванын жетекчилиги астында радиоэкология лабораториясы түзүлүп, Түштүк Кыргызстандын радиофону изилденген (1998-2001). ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан (1987-2005). 2005-жылдан ОшМУнун проректору. Биофизика жана радиоэкология боюнча адис. 100дөн ашуун илимий эмгеги, 1 монографиясы бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү