Ташмамат Жумабаев

Жумабаев, Ташмамат‎»‎ барагынан багытталды)

Жумабаев Ташмамат — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Жумабаев Ташмамат
Файл:Таштамат Джумабаев.jpg
Жалпы маалымат
Жумабоев Тошмамат
Туулган жылы: 1924-жыл
Туулган жери: Таштак айылы, Ош району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: офисер

Өмүр жолу түзөтүү

1924-жылыКыргыз ССРинин Ош районундагы Таштак айылында туулган.Улуту — өзбек. КПССтин мүчөсү. Комбанерлордун курсун бүтүрүп, Мады МТСинде иштеген. 1942-жылы октябрда он сегиз жаш курагында майданга кеткен. Сержант. Аткычтар отделениесинин командири.

Эрдиги түзөтүү

1943-жылдын майынан тартып Борбордук жана Белорус фронтторунун составында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эки жолу жарадар болуп, айыккандан кийин кайра катарга келген.

Сыйлыгы түзөтүү

Днепрдан ийгиликтүү өтүп, плацдармга бекем орношуп алып, анда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамга 1943-жылы 30-октябрда татыктуу болгон.
Согуштан кийин Ташмамат Жумабаев офицер болуп, Советтик Армияда кызмат кылуусун уланткан.Памир автотрестинде иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Иманкулов А., Алыкулов Б., Турсунбеков Ч. “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт” — Фрунзе, 1986.