Жумабаев Асек (9-май 1924 ж., Нарын району, Байказак айылы- 27-август 2005 ж[1].) — советтик жана кыргыз ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1964).
1949-жылдан Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти.
Негизги ролдору: Күлчоро (Малдыбаев, Власов, Фере «Айчүрөк»), Шеге (Брусиловский, "Кыз жибек"), Калыбек (Власов, Фере, «Алтын кыз»), У-Чей-фу (Власов, Малдыбаев, Фере, "Ажал ордуна"), Тойтук (Аманбаев, "Бойдоктор"), Арзымат (Власов, Малдыбаев, Фере, "Токтогул"), Маркабай (Давлесов, "Аста-секин колукту") жана башка.
Элдик ырларды чебер аткарат. Калмурат, Сартбай, Атай, Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн улантуучу. Ал кыргыз эл ырларын көптөгөн чет өлкөлөрдө ырдаган. Бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты (1955). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жумабаев Асек

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Талант тагдыры: Арген үндүү Асек
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
Асек Жумабаев унутулдубу? Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine

  1. https://www.azattyk.org/a/1242634.html