Жумагулов Сулайман (1923-ж. т., Талас району, Көпүрө-Базар айлы) — физик-математик, философия илимдеринин кандидаты (1968), профессор (1991).

1953-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1953—58-ж. партиялык кызматтарда иштеген.
1958-жылдан КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында аспирант, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы.
1977—86-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда ректор, 1986-жылдан Тил жана гуманитардык илимдер институтунда философия кафедрасынын башчысы.
40тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору.

Негизги илимий эмгектери түзөтүү

  • «Философия жана жаңы адамдын калыптанышы» (1985),
  • «Философиянын негизги маселелеринин гносеологиялык анализи» (1988),
  • «Философиянын жалпы маселелери» (1994).

СССР Жогорку билим берүүнүн отличниги, СССР эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССР элге билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1983). Эл Достугу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Калып:Math-bio-stub Калып:Physicist-stub