Жумадылова Мария (1927, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району Темир айылы - 7. 3. 2010, Жети-Өгүз району Саруу айылы) - Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Эмгек жолун 1945-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхоздо иштөө менен баштаган. 1947-жылдан апийим өстүрүүчү звено башчысы болуп иштеген. Анын звеносу 1955-жылы апийим кырып жыйноонун тапшырмасын 168%ке, өзү 400%ке аткарган. 1959-63-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.