Жумаева Адалат
Жумаева Адалат 1952-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.
- Сузак районуна караштуу Дзержинский атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.
- Эмгек жолун алгач “Дружба” совхозунун тамеки талаасында эмгектенип баштаган.
- Кийин мал чарбасына саанчы болуп которулат.
- Ардактуу эс алууга чейин саанчылык кесипти аркалап, көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында бир канча жолу социалисттик мелдештин жеңичүүсү болуп, көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
- Баатыр эне.
- 7 уул 1 кызды тарбиялап өстүрүп, азыркы учурда ардактуу эс алууда.
- Уулу Гүлжигит Жумаев айылдын оор жүгүн аркалап элдин кызматын кылган чыгаан ишкер жигит.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3