Жумаев Мамасали
Жумаев Мамасали 1926-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.
- 15-16 жашында колхоздо учетчик, бригадир болуп иштейт.
- 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, Воронеж областынын Островский шаарында атчандар кавалериясында кызмат кылат.
- 1945-жылкы Улуу жеңиштен кийин, Япон согушуна жөнөтүлөт.
- Ыраакы Чыгышта 5 жыл кызмат кылып 1950-жылы айылына келген.
Согуштан кийинки жылдары айылдагы колхоздо, андан кийин совхоздо жетекчилик кызматтарда эмгектенип, 4 уул 5 кызды өстүрүп чоңойтуп, азыркы учурда 33 неберенин, 30 чеберенин сүйүктүү чоң атасы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3