Асанкан Жумакматов
Асанкан Жумакматов (16.06.1923 Ысык-Ата, Чүй району - 21.07.2008, Бишкек) - Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/3/35/Dzumahmatov_A.jpg)
Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50 чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.
1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген.
1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор.
Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган.
Асанкан Жумакматов Улуу Ата мекендик согушка катышып “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган.
- Атасы - Жумакмат Чалов (1888 ж. т.), апасы - Артык Чалова (1893 ж. т.).
- Жубайы - Гүлкан Сатаева (1933 ж. т.).
- Уулдары - Эрмек Жумакматов (1959 ж. т.), Эрик Жумакматов (1963 ж. т.).