Жумалиева, Эльмира Бусурманкуловна

Өмүр баян түзөтүү

Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна 1962-жылдын 16-майында Талас шаарында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Эмгек жолун 1984-жылы Ленин атындагы колхоздо экономист болуп иштөөдөн баштайт.

1987-жылдан тартып Фрунзе шаарындагы долбоорлоо кеңсесинде инженер-экономист болуп иштеген.

1990-жылдан тарта «Азат» корпорациясыннын (СМУ-5) өндүрүштү пландоо бөлүмүндө экономист болуп иш алып барат.

1993-жылдан баштап Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда алгач ага окутуучу, андан соң доцент, илим башкармалыгын начальниги, кафедра башчысы жана «Экономика жана ишкерчилик» факультетинин деканы кызматтарын аркалаган.

2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Республика» саясый партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

Экономика илимдеринин доктору, профессор.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

Шилтеме түзөтүү