Жумалиев, Мирлан - (Курманбек уулу) 1980-жылы 22-мартта Бишкек шаарында окумуштуунун үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы, Курманбек ага устаттык кылган. “Манас” эпосунун кызыктуу жерлеринен дайыма айтып берип шыктандырып, жыйынтыгында төрт жашынан баштап “Манас” айта баштаган.

1987-жылы Бишкек шаарындагы № 60-орто мектепке кирген. Класс жетекчиси, Билим берүүнүн отличниги М.Кошоева да мектептен аны ар дайым “Манас” айттыртып, такшалтып турган.

1997-2002-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетинин Кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Манасчылардын бир нече таймашына катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Алар төмөнкүлөр:

Академик К.К.Юдахиндин 110 жылдыгына арналган студенттердин илимий конференциясында 1-орун;

2001-жылы Таласта өткөн А.Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” Республикалык телефестивалында манасчылык өнөр боюнча 1-орун;

2002-жылы “Бишкек жазы-2002” аттуу Республикалык студенттер аралык сынакта 1-орун;

2002-жылы Ш.Шеркулов менен М.Баетовдордун 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” Республикалык телефестивалында 1-орун.

“Манас” эпосуна арналган бир канча илимий эмгектердин да автору. Алар: “Манасчы-айтуучулук өнөр” монографиясы (2002), “Легендарлык ырчылар жана жомокчулар” (1999. авторлош), “Түштүктүк манасчылар жана семетейчилер” (авторлош, 2002), “Алп манасчылар” (авторлош, 2003), “Манасчылардын типтери” (авторлош, 2003), “Сагымбай Орозбак уулу” (авторлош, 2003) ж.б.

2003-2004-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетинде тарбия иштери боюнча декандын орун басары жана Кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

2004-жылдан тартып, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында мамлекеттик тил боюнча башкы адис болуп эмгектенет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү