Жумалиев Анасбек (1947–2006) - акын.

Анасбек Жумалиев 1947-жылы Манас районунда Бала-Сару айылында туулган.
1965-жылы Киров районундагы Чоң-Курган орто мектебин,
1973-жылы КМУнун филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
Эмгек жолун өз айылындагы сегиз жылдык мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп иштөөдөн баштаган.
1968-жылдан ошол эле мектепте кыргыз тил, адабияты мугалими,
1983-жылдан окуу-тарбия иштери боюнча директордун орунбасары болуп иштеген.
1979-жылдан бери чыгармаларын жарыялап, негизинен сатиралык чыгармаларды жазган.
1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жергемдин көркү: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1979. – 64 б.

Толкундуу курак: Ырлар жана пародиялар.– Ф.: Мектеп. 1984. – 52 б.